...

Көрүшпөй кантип өтөбүз – Сыймык Бейшекеев ТЕКСТ

Сөзү: Шекербек Адыловдуку
Обону: Сыймык Бейшекеевдики

Бир болчу келген кечээбиз,
Билгизбей жанды нетебиз.
Керемет ушул өмүрдө,
Кездешпей кантип кетебиз.

Кайырма
Бир тааныш бойдон экөөбүз,
Билишпей кантип өтөбүз.
Көз тааныш бойдон экөөбүз,
Көрүшпөй кантип өтөбүз.

Сен келген кече шаң болуп,
Сезимге аткан таң болуп.
Жүрөкө бердиң жылуулук,
Жүз жылда келчү жан болуп.

Өзүңдөн сурайм жарыгым,
Өчүрбө жүрөк жалынын.
Күйсө бир күйсүн өрттөнүп,
Күтүүгө жетпейт сабырым.

Корүшпой,отобуз,,
0 0 голоса
Рейтинг поста
Поделиться:
Подписаться
Уведомить о
guest
0 Комментарии
Старые
Новые Популярные
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все комментарии
Прокрутить вверх