Жагдай кандай дайым ар кандай
Чалынып дайыным таппай калгандай
Бирде күлүп, бирде арманда
Чирип жоголот мунун баары бул жалганда
Биз да оңолобуз
Бирге бекем турсак аз калганда
Жалтыраган кооздуктарга алданбай
Көп карганбай
Билебиз ар кандай жагдай
Биз кайда лайбаны айдап пайда?
Мага керек окшойт тайм аут
Майда болсо да пайдалуу болсо
Адамдан эмес кудайдан корксок
Кадамды тездеп жаманды койсок
Майк Тайсон боло бербей койсоң
Бат эле, жагдай өзгөрөт бат эле
Жаштык кез эле
Көчөлөрдү таптап темселеп
Бийик учам деп
Жетилдикго эртеле
Жагдай бирдейле
Шүгүр айтам баары бир менделе
Сезилбестир безилдеген убакыттын баркы
Тезилдеген бойдон жолугарбыз оо дүйнөдө жалпы
Ыссык-Көлүм чалкып
Мен баратам калкып
Айтылган кепти чынбы калпбы?
Ойлойсунбу калктын жагдайын?
Мен эл тарапка жакын айтайын
Биз убакытты туурасынан сарптайлы
Мен билгенимди бурмалабай айтайын