...

Эрлан Андашев – Сага ТЕКСТ

Сөзү: Эрнис Түмөнбаев
Обону:Эрлан Андашев

Мезгилдин жашыл жазын гүлдөр жайнаган,
Сага арнадым!
Анан да булбул үнүн таңшып сайраган,
Сага арнадым!
Ааламдын бүтүн баарын жаным ардагым,
Сага арнадым!
Арзуумду, сезимимди жана байлаган,
Сага арнадым!

Припев
Сага, мен сага арнадым,
Таза сүйүүмдү.
Тунук сезимимди.

Мен күндүн жылуулугун нурун төгүлгөн,
Сага арнадым!
Мен айдын сулуулугун жерге өбүлгөн,
Сага арнадым!
Булактын шыңгыр үнүн жаным жалжалым,
Сага арнадым!
Жакшыны жалгыз гана көзгө көрүнгөн,
Сага арнадым!

ерлан,саға,,
3.6 8 голоса
Рейтинг поста
Поделиться:
Подписаться
Уведомить о
guest
0 Комментарии
Старые
Новые Популярные
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все комментарии
Прокрутить вверх