Жалгызмын жамгыр,
Жалгызмын бүгүн өзүңдөй,
Жалооруп турам ,
Жан дүйнөм сенден бөлүнбөй ,
Сен менен келген,
Сезимге бирге жетелеп,
Сен менен гана, сен менен гана,
Сырдашкым келет көрүнбөй>2
Көңүлүм ооруп,
Көзүмдөн далай от учкан,
Жан билбес сырды,
Жамгырлар гана окушкан,
Тирилер беле,
Соолуган таза сезимдер,
Жүзүмдөн агып, жүзүмдөн агып,
Жүрөккө жетсен кокустан>2
Сен менен гана сен менен гана
Сырдашкым келет көрүнбөй.