...

А БАЛКИМ – СЫЙМЫК БЕЙШЕКЕЕВ ТЕКСТ

сөзү Жыпара Исабаева
обону Сыймык Бейшекеев

Сабындай жакшы ырымдын,
Сагынтып… жакшы кылдың!
Сагынчым болгон үчүн,
А балким бактылуумун…

Жазындай жаштыгымдын,
Жарк этип… жакшы кылдың!
Жактыруу болгон үчүн,
А балким бактылуумун.

Арзыдым, азгырылдым,
Адаштың… жакшы кылдың.
Арманым болгон үчүн,
А балким бактылуумун.

Жамгырлуу түндөй болуп,
Жаркыбай күндөй болуп,
Бактылуу кылдың мени,
А балким сүйбөй коюп.

Жайнабай жаздай болуп,
Бар сырым ачпай коюп,
Бактылуу кылдым сени,
А балким жакпай коюп…

кыргыз,,
3 2 голоса
Рейтинг поста
Поделиться:
Подписаться
Уведомить о
guest
0 Комментарии
Старые
Новые Популярные
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все комментарии
Прокрутить вверх