AIHAN — Асылым ТЕКСТ

Жарыгым сага арналып,
Чыгат бардык ыр сабым.
Коё бербей калган окшойсуң,
Өзүң менен жүрөк жарымын.

Жүрөгүм өзүң болдуң, ичер суум, мүрөгүм, ай.
Сенден таптым мен жоголгон ак сүйүү түнөгүн.

Асылым…
Сезимимди арбап алдың акырын,
Сиз деп жүрүп ээлеп алып,
Алмашпас болуп калдың,
Кабыргамдан жакыным.

Ай периштем…
Аруу таза ички дүйнөң келишкен,
Алла буюруп бир өзүң мага кезиккен.

Жараткан жиберген сен менин бактым,
Өмүрдүн сен менен таттуусун далай таттым.
Жоготпойм мен эми, сен болдуң бир бактым.
Түн бүтүп жашоомдо таң болуп жаркырап сен аттың.

Аай, сен үчүн сүйүүнүн гүлүн терем,
Садагам деп арбап келем.
Жалындаган арзуунун отун,
Ай жан экенсиң ааламдан мен издеген.

Калганмын куураган дарак болуп,
Кесилип, ай, кайчыланган барак болуп.
Тар жолдо бара жатып, ай, сени көрүп,
Жандың сен жүрөгүмдө жанат болуп.

Белексиң бул дүйнө жиберген сен менин түгөйүм.
Сездиңби, бир сен деп жалынсыз оттой, ай, күйөмүн.

Асылым…
Сезимимди арбап алдың акырын,
Сиз деп жүрүп ээлеп алып,
Алмашпас болуп калдың,
Кабыргамдан жакыным.

Ай периштем…
Аруу таза ички дүйнөң келишкен,
Алла буюруп бир өзүң мага кезиккен.

Асылым…
Сезимимди арбап алдың акырын,
Сиз деп жүрүп ээлеп алып,
Алмашпас болуп калдың,
Кабыргамдан жакыным.

Ай периштем…
Аруу таза ички дүйнөң келишкен,
Алла буюруп бир өзүң мага кезиккен.

айхан
Прокрутить вверх