Канча сулуу көрсө дагы көздөр
Көзүм артып ойлорумду бөлбөдүм
Издегеним бир өзүңдөн табылып
Сенден бөлөк кызды жакшы көрбөдүм
Кайырма:
Жүрөгүңдү жүрөгүңдү
Мага ачып башкаларга жабып койчу
Сырт жагына сырт жагына
Мүмкүн эмес кирүүгө деп жазып койчу
Кызганамын басканыңды көйкөлүп
Бир ой турат жүрөгүмдү өйкөлүп
Ишеничтүү жүрөр эле менчилеп
Кулагыңа салып койсом сөйкөнү.