Кетпе/Ketpe

Развлекательный портал

FREEMAN 996 feat. Бегиш – Кетким келбейт ТЕКСТ

Кетким келбейт
Торлоруңа түштүмбү?
Тоголонуп түштүмбү?
Өңүмбү же түшүмбү?
Түшүнбөйм

Бал муздактай эле эзилип
Көргүм келе берет тез эле
Тызылдады көкүрөгүм
Көрүп кулк мүнөзүңдү
Бапылдагам шаңга батып
Тааныбасам дагы чүрөгүм

Унчукпайт, а мен чымчыктай
Учуп күйүп сүйүнүчүм көрүнөт
Элеп алды журөгүмдүн төрүнөн

Төгүлүп ырлар, эсимде мазмуну
Терилди кылдар, жүрөмүн буулугуп
Ошондогу сулууга, көңүлүм бурулуп
Капыстан экөөбүз, калганбыз жоолугуп

Кулунум кайда жүрөсүң
Дайыныңды издейм чынында
Табаалбай өмүр сүрөмүн
Буйруган тагдырга багына

Көк асманды кучактап
Үйдөн башка бүт жакта
Бийик учкан учактай
Эстейм, ар убакытта

Кетким келбейт
Торлоруңа түштүмбү?
Тоголонуп түштүмбү?
Өңүмбү же түшүмбү?
Түшүнбөйм

Айланамда тып-тынч болуп
Араң турат жүрөк согуп
Кайран жаным сенсиз эми
Калбаса экен гүлдөй соолуп
Ичимдеги үндөр жооруп
Сабыр кылып турамын
Ичип кетмекмин бирок бил
Менин башка курамым

Сулуу кыздын сыйкырына башым кетип калгандай
Чалбаса да мага, сезиле берет ал чалгандай
Улам-улам тиктеп турам, телефонду сагалап
Билем жалгыз ошол пери жүрөгүмдү жага алат

Ал мени өрттөдү чечиндирбей
Күн болуп куйкалап кечим кирбей
Күл болуп калсам да үмүт үзбөйм
Ишенем Көңүлүн бир күнү түздөйт

Кетким келбейт
Торлоруңа түштүмбү?
Тоголонуп түштүмбү?
Өңүмбү же түшүмбү?
Түшүнбөйм

Бал муздактай эле эзилип
Көргүм келе берет тез эле
Тызылдады көкүрөгүм
Көрүп кулк мүнөзүңдү
Бапылдагам шаңга батып
Тааныбасам дагы чүрөгүм

Унчукпайт, а мен чымчыктай
Учуп күйүп сүйүнүчүм көрүнөт
Элеп алды журөгүмдүн төрүнөн

фриман,ани,әні,казакша,қазақша,андер,әндер,өлендер,өлеңдер,олендер,караоке,минус,матиндери,мәтіндері,мәтіні,матини,создери,сози,сөзі,сөздері,текст песни,ән,ан,слова,слова песни,слова песен,Qoshiq,so’zlari,Qo’shiq,matni,sozi,matnlari,tekst,лирикс,lyrics
4.2 19 голоса
Рейтинг поста
Поделиться:
Подписаться
Уведомить о
guest
0 Комментарии
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все комментарии

Наверное, вы не раз хотели узнать свою родословную или петь национальные песни, или быть может даже, по вам плачет большая сцена? Или же вы любите ходить по гостям, тогда вы здесь найдете поздравления, которые вам помогут сказать тосты без запинания. Гороскоп на каждый день, молитвы, сонник и казахская история. Вам всегда хотелось исполнить от души музыкальные композиции популярных певцов, но из-за незнания текстов этих песен вы испытываете неудобства? А может, вы входите в большое число любителей караоке? Или же вам часто хочется петь, но не всегда имеется возможность вырваться в караоке клуб?

Этот сайт содержит тексты популярных песен и караоке, весь материал носит ознакомительный и развлекательный характер. Все права на минусы и слова песен принадлежат их правообладателям. По всем вопросам писать на почту: info@ketpe.com