Эльзар Тиленбаев & Айгерим Эшим — Табылгам ТЕКСТ

Күн болуп чыксаң кылайып
Сыдырым соккон желиң мен
Айланам сенин торгой көз а
Кумура сындуу белиңден

Көз албай карап телмирип
Сырымды алдың сен билип
Жүрөккө түштү чагылган
Каптады ойду сел кирип

Чыгаргым келбей жанымдан ай
Тагдырдан тапкан табылгам ай
Билбедим аттиң билбедим
Багыбыз кимге жазылган ай

Сыласам кундуз чачыңдан
Гүл болуп жаңы ачылган
Жаныма шерик кылайын а
Жүрөктө бекем катылган

Тамаша айтсаң сен күлүп
Сезимден өтүп мен күлүк
Жактыруу сезим козголуп
Калбасам болду мен сүйүп

Прокрутить вверх