...

Кеңеш тобу – Алыстадың ТЕКСТ

Кара көзүм,карагатым коргой албай калдык сезимди,
Кызгалдактын сабагындай назик болуп мага сезилди.
Кайда барсам каректериң карагансыйт күтүп жолумду,
Күнөлөбө жалгыз мени,сен деп жүрөк канча эзилди.
Жүрөгүмдө махабатым неге жаным сага солуду,
Жүрдүң бекен сен да эстеп бир кездеги баскан жолуңду.
Жүрөктөгү сынып калган сезимдерди мезгил даарылап,
Жалгыздыктын кучагынан адашамын таппай жолумду.
Жылдар өтүп муздап көңүл,бараткансыйм сенден алыстап,
Ошол жакшы көз ирмемдер жашап келет ээлеп оюмду.
Түгөнбөгөн түйшүктөргө туңшап алдым окшойт өзүмдү,
Түн жамынып түшкө кирип кыйнабачы өткөн өмүрдү.
Таарынычка батып алып тущ тарапка кеттик чече албай,
Түшүнө албай койдук неге ортодогу назик көңүлдү.
Жүрөгүмдө махабатым неге жаным сага солуду,
Жүрдүң бекен сен да эстеп бир кездеги баскан жолуңду.
Жүрөктөгү сынып калган сезимдерди мезгил даарылап,
Жалгыздыктын кучагынан адашамын таппай жолумду.
Жылдар өтүп муздап көңүл,бараткансыйм сенден алыстап,
Ошол жакшы көз кирмемдер жашап келет ээлеп оюмду.

,,
0 0 голоса
Рейтинг поста
Поделиться:
Подписаться
Уведомить о
guest
0 Комментарии
Старые
Новые Популярные
Межтекстовые Отзывы
Посмотреть все комментарии
Прокрутить вверх