Көздөрүңдүн отуна күйдүм
Көп сезимди өзүңө үйдүм
Жанда жагып жыпарың сенин
Жазылмасыз жытыңды сүйдүм
Өзунчөмүн өтө эле мүмкүн
Өзгөлөрдөн өзгөчө сүйдүм
Башкалардан кызганып сени
Бакытымды башкача сүйдүм
Сөздөрүңдү сүйдүмбү
Көздөрүң да сүйкүмдүү
Эркелейин өзүңө
Эх сүйүүгө мүмкүнбү?(2х)
Келишимдүү боюңуз жакты
Кенен айткан оюңуз жакты
Анан дагы жылыта алчу
Алоолонгон колуңуз жакты
Арбап алат адеми жанды
Ашыгымдын адеби жакты
Келечегим көрсөтө турган
Кереметтүү кареги жакты
Сөздөрүңдү сүйдүмбү
Көздөрүң да сүйкүмдүү
Эркелейин өзүңө
Эх сүйүүгө мүмкүнбү?(2х)

