Созу: Бердибек Жамгырчиев
Обону: Нурила
Акчаң болсо темирди бурайсың да,
Акчаң жокто арманга кулайсың да.
Акча гана сүйлөгөн бул заманда,
Асылдыктар жөнүндө сурайсың да..
Төрөт үйдө көз ачкан кезиң АКЧА,
Сүйүүң АКЧА, мамиле, сезим АКЧА.
Каректерде көр дүйнө чагылышып,
Карап турган жасалма көзүң АКЧА..
АКЧА менен табышып эки жүрөк,
АКЧА менен махабат кечи күйөт.
Күбүп салып табигый бетибизди,
Бүткүл жерде АКЧАнын БЕТИ жүрөт!
Тагдырлар көп таш менен башка жеген,
Тагдырлар көп чечилген акча менен..
Көргө чейин көрүнбөй коштоп барып,
Көмүп тынат өңдөнөт акча деген!
Ушул акча баардыгын чечип жатат,
Урмат-сыйдын баасы да кетип жатат.
Билимсиздер бийиктеп акча менен,
Бир туугандар бир-бирин кечип жатат!
Көп дүйнө эмес көңүлгө карайлычы,
Көр дүйнөдөн бийикти самайлычы.
Аң-сезимден асылдык орун алып,
Акчаны эмес адамды баалайлычы!