Ай билбеймин бул жүрөк деги качан жай табат
Кайда качан келет деп сени сурайт кайталап
Айтылбаган бул ооруу мени кайда алпарат
Не кыласың ошону деп курбум таңкалат
Алар кайдан билсин жаным сенин назик жүрөгүңдү
Жумшак мүнөзүңдү мени кандай сүйгөнүңдү
Алар кайдан билсин жаным сенин аруу тилегиңди
Таза ниетиңди кайдан билсин
Ай билбеймин бул жүрөк деги качан айыгат
Эч ким билбес ооруудан эй качан арылат
Азыр эми өзүң жок мени кетээр дарылап
Сендей жарык мен үчүн эй кайдан табылат
Алар кайдан билсин жаным сенин назик жүрөгүңдү
Жумшак мүнөзүңдү мени кандай сүйгөнүңдү
Алар кайдан билсин жаным сенин аруу тилегиңди
Таза ниетиңди кайдан билсин
Махабат бар көкөлөткөн жанымды
Жек көрүү бар куйкалаган баарымды
Күндө согуш күндө алаамат жүрөктө
Күлүп жүрсөм ким байкасын анымды
Кимге кызык менин ички абалым
Кимге керек менин күңгүрт тарабым
Өзүм деле кыйратаарлык үңүлүп
Кайсы адамдын жан дүйнөсүн бааладым
Кимди бааладым

