Нурлан Насип — Сирень гүлү ТЕКСТ

Сагындырган жаз болуп сен келдиң,
Жаштыгыма кайрадан дем бердиң.
Алым кетип сүйүүдөн турганда
Жүрөктү эмдедиң!

Сирень гүлү —
Ачылганда тааныштык ошол күнү,
Сырдаш болуп Бишкектин салкын түнү,
Жаралды тунук сүйүү…

Мен ошол күндү эч унутпайм,
Сен деген сезимди соолутпайм!
Сирень гүлү —
Кошту экөөбүздү…Ооо….

Сен келдиң дүйнөмө жаз болуп,
Мен жүрөм жытыңа мас болуп…
Сирень гүлү —
Кошту экөөбүздү…

Сирень сымал буркурап чачтарың,
Кубанычтан жайнады асманым.
Бакытымдай сезилди мен үчүн
өзүңдү тапканым!

гулу
Прокрутить вверх