АЗАМАТ ТОКТОКАДЫРОВ — ИЗДЕП КЕЛЕМ ТЕКСТ

Сөзү:
Издеп келем жер кыдырып

Келбес жака кеткен экенсиң
Таппай келем шагым сынып

Кыска кылды Кудайым өмүрүңдү
Таштап кеттиң асыл затым өзүмдү
Ыйласам да, кайгырсам да келбейсиң
Эстей берем ширин назик сөзүңдү
Тирүүңдө кадырыңа жетпедим
Ооруп жаттың кабар алып келбедим
Жашоомдун жанган отун экенсиң
Бүгүн мына кадырыңды сезгеним

Издеп келем жер кыдырып
Көздөрүмдөн жаштарым агып
Келбес жака кеткен экенсиң
Таппай келем шагым сынып
Келбес жака кеткен экенсиң
Таппай келем шагым сынып

Жакшы жашоо сүрүп келдим сени менен
Көңүлүмсүз жашаймын да эми мен
Бейитиңе барсам дагы күнүгө
Жоксуң эми келбейсиң да эми сен
Адам заты ушул экен баары бир күн
Тирүүңдө сыйлай билгин ошон үчүн
Өткөн соң ыйлабагын кайгырып
Баркын билгин тирүүңдө баарысын

Прокрутить вверх