Жүрөгүмдө эрте ачылган,
Махабаттын гүлүсүңбү сен
Кирпигиме келип асылган
Көздөрүмдүн муңусунбу сен
Сенин гана багың болом деп
Сөздөрүңө ишенген элем
Неге эми унут баарын деп
Жүрөгүмдү сыздатып кеттиң
Жок, сени жаным унутканым жок!
Жок, кадабачы жүрөгүмө ок
Жок, сени жаным унута албаймын
Жок, сени дайым эске сактаймын
Кандай гана унутайын мен
Өзүң менен өткөн күндөрдү
Бал сөзүңө кана албай калгам
Ошол өткөн айлуу түндөрдү….
Түн болгондо түшүмө кирчи
Соротоюн өзүмө келчи
Ошол өзү мен үчүн бакыт
Түбөлүктүү колуңду берчи
Колум жетпейт сенин чачыңа
Чачтарыңдын жытын сагындым
Күлүмсүрөп турган дайыма
Эркелегениңди сагындым)))

